2018-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 135 миллиард, чыгаша 141 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйынындын алкагында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттеги кирешенин көлөмү 2017-жылга караганда 0,5 пайызга өскөн.

Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 533 миллион сом, ал эми киреше 135 миллиард 437 миллион сомду түздү. 2017-жылга салыштырмалуу киреше 725 миллион сомго өсүп, бюджет 95,7 пайызга аткарылды.

Дефициттин жалпы көлөмү 6 миллиард 633 миллион сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10 миллиард 743 миллион сомго кыскарды. Бул сумманын 9 миллиард 501 миллион сому ички, ал эми 1 миллиард 980 миллион сом тышкы киреше булактарынан келип түшкөн

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь