Билим берүү министри менен орун басарына сөгүш берилди

234

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен анын орун басары Надира Жусупбековага сөгүш берилди.

Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, министр орун басары экөө окуу китептериндеги мүчүлүштүктөр үчүн сөгүш алышты.

14-февралда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, акыркы убактарда басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүн баса белгилеген. Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууда коррупцияны жоюуну, окуу китептерин иштеп, басып чыгарууда, таратууда бюджеттик жана донорлук акчаны максаттуу пайдаланууну министрден талап кылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь