Бишкектин вице-мэри кызматтан кетти

355

Бишкектин вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Куламбаева өткөн жылдын жай айында бул постко талапкерлигин өзү койгон.

Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Маалымат кызматынан кабарлашкандай, Куламбаева мындай чечимге өзү келген. Так себеби азырынча айтыла элек.

Учурда вице-мэрдин милдетин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аткарууда.

Куламбаева вице-мэрлик кызматка өткөн жылдын июнь айында дайындалганга чейин  Бишкек шаардык кеңешинде “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынан  депутат болчу. Ал Айгүл Рыскулова вице-мэрликтен кеткенден кийин анын ордуна өзүнүн талапкерлигин койгон.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь