Бүгүн, 15-февралда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн өкмөттүк жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир нече райондун акимдерине сөгүш жарыялоону сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министрдин сунушу өкмөт мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, 2018-жылда аткарган иштериндеги жетишсиздиктери үчүн Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкуловго, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Масалбек Мырзамаматовго, Базар-Коргон районунун башчысы Айбек Бегимкуловго жана Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыровго сөгүш жарыяланды.
Мындан тышкары, Базар-Коргон, Ноокен, Жети-Өгүз, Өзгөн, Ленин райондорунун администрация жетекчилери сөгүш алышты.