Кечээ күнкү Жогорку Кеңеште болуп өткөн ЖЭБтин айланасындагы коррупциялык иштердин текшерилиши жана тергелиши тууралуу болгон эл өкүлдөрү менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы талкууда Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев ЖЭБтен уурдалган акча 111 млн доллар эместигин айтып чыкты .
Анын айтымында, ЖЭБтен желген каражат 230 дан 250 млн долларга жетет. Бул сөздөргө документтик жана анын жеке далили бар экендигин билдирип, СНГнын 7 өлкөсүн текшерип чыгып алардын жылуулук борборлорунун оңдоо иштерине 600 миң доллар сарпталат, дүйнөдө энергетиканын лидери Simens компаниясы 1млн 200 миң долларга тураарын айтып, биздики Simensтен 2,5 эсеге көп уурдалганын айтып агынан жарылды.
«БУУнун тизмеси боюнча Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам курсагы тоё тамак ичпейт. Ошол ачка, байкуш кедей элдин эсебинен экс «Падышабыз» башка мамлекеттен карыз сурап , жалпак тил менен айтканда 300 сом сурап келип, анын 200 сомун өзү уурдап , жеп алган. Ошол адамдын жүрөгүндө кудай барбы? Жок. Кудайды карабай жешкен» деп мурунку бийликти айыптады.