14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар федерациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр көпчүлүк добуш менен тайказандан баш тартышты.
Адистер бул чечим менен көкбөрүнүн азыркы эрежелери эл аралык деңгээлде таанылбай калганын айтышса, Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы алдыда сүйлөшүүлөр уланарын билдирди.
Астанадагы конгрессте бир нече маселелердин ичинен эң негизгиси көкбөрү оюнунун эрежелерин өзгөртүү пункту болду. Бул суроону ар бир өлкөдөн бирден өкүл кирген жумушчу топ карап чыгып, өз сунушун берди.
Анда жумушчу топ азыркы Эл аралык көкбөрү федерациясында белгиленген эрежелер оюнчулар менен аттар үчүн кооптуу экендигине, ал үчүн тайказанды алып таштоо керек болоруна токтолгон.
Жаңы эрежеге ылайык, эми тай казандын ордуна тегерек чийин чийилип, улак эмес, 33-35 килограммдык муляж тартылат. Оюн 20 мүнөттөн эки тайм менен өтөт.