Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда майып балдардын жеке кароочусу болуп катталган кишилердин саны 2556 болду.
Ал эми кароого муктаж майып балдардын саны алты миңдин айланасында. Министрликтин маалыматында, алардын жеке кароочусуна айлык акы катары бөлүнүүчү каражат февраль айында 14 млн. сомду түздү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке кароочусунун кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом бөлүнгөн.
Thank you great post. Hello Administ . Cami Halısı ve Cami Halıları , Yün Cami Halısı , Göbekli Cami Halısı , Saflı Cami Halısı , Akrilik Cami Halısı , iLetişim : Skype: By_uMuT@KRaLBenim.Com