Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын Өзгөчө кылмыш иштерин иликтөө боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү 1700 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-февралда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы оперативдик иш-чараларды жүргүзгөн.
Жыйынтыгында, “Ж.Н. аттуу милициянын подполковниги кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Акча талап кылуу”) менен айыпталууда
“Учурда тергөө амалдары уланууда”– деп айтылат маалыматта