Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Бишкектин четинен бир бөлмөлүү үйгө ээ болду. Маалыматка ылайык,  каражат Башкы штаб тарабынан бөлүнүп берилди.

Жардам иретинде ачылган электрондук капчыкка Башкы штабдын кызматкерлери бир күндүк айлыктарын которуп беришкен. Анын суммасы 2 миллион 130 миң сом болду. Жакында эле 20 миң долларга Аскер госпиталына жакын жерден жаңы курулуп жаткан үйдөн бир бөлмөлүү батирлүү болду

Бирок Руслан Сапарбаевдин колуна протез салып берүү маселеси азырынча чечилбей жатканы маалыматта айтылат.

22 жаштагы Руслан Сапарбаев 2018-жылы 7-августта Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейин кесилген. Бишкекке алынып келип дарыланган соң үйгө чыгарылган.

Ал эми жоокердин кырсыкка кабылышы боюнча кылмыш иши ачылып, ал кызмат өтөгөн аскер бөлүктүн эки кызматкери Майлуу-Суу шаардык соттун чечими менен 3 жылга шарттуу кесилген. Бирок эки аскер кызматкери шаардык соттун чечими менен макул эместигин билдирип облустук сотко арыз жазышкан. Учурда арыздарды Жалал-Абад облустук соту карап жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: