Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3 күндөн бери өлүкканада жаткан Качкын Абдраевдин туугандары изделүүдө. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жарыялады
Маалыматка ылайык, К.Абдраев буга чейин анын бир тууган агасынын үйүндө жашап келген. Окуя боюнча жергиликтүү тургун Кундуз Орузбаев буларды билдирди.
«Качкын Абдраев менин бир тууган агам менен 2 жыл мурун ооруканада таанышып калган экен. Ошондо ал байкеме бара турган жери жок экенин айтканда, байкем өзү менен бирге үйүнө алып барыптыр. Агамдын Ананьев айылында эки үйү бар, биринчисинде чоң энемдер жашаса, экинчисинде өзү маркум Качкын Абдраев менен бирге жашап келген. Карыя акыркы эки жылдан бери ошол жерде жашап жаткан.
Агам 15 күн мурун кайтыш болуп калды. Ошондон кийин Качкын ата жалгыз жашап жаткан, биз кээде тамак жеткирип турчубуз. Күн жылыганда ал карылар үйүнө кетем деп айтып жаткан. Бир жума мурун тамак жеткирип барсак, каза болуп калган экен. Биз милиция кызматкерлерин чакырттык. Эми минтип 3 күндөн бери Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын өлүкканасында жатат.
Биздин маалыматыбыз боюнча Качкын Абдраев 1941-жылы туулган. Анын паспортунда Кемин шаарчасынын Космонавттар көчөсү 30/7 дареги көрсөтүлгөн. Өзү учурунда 2 эркек баласы, аялы бар экенин, көп жыл мурун аны үйдөн кетирип салышканын айткан. Ошондон бери карылар үйүндө жашап жүрчү экен.
Акыркы эки жылдан бери агам менен жашап жүрүп кайтыш болуп калды. Эми балдары же туугандары билип калса, Чолпон-Атанын ооруканасынын өлүкканасына кайрылса болот», – деди ал.