Эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылган кылмыштуу топ кармалды

549

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жүргүзгөн иш чаранын алкагында, эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылган кылмыштуу топ кармалды

Такталгандай, аталган адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А», жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелеком» ЖАК кызматкери «Н.О.Т» кармалды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде, Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана “SIMBOX!, «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК келтирилген зыян такталып жатат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь