30 жылдыкка карата ооганчыларга 5 миң сомдон берилди

337

Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата Кыргызстандагы ар бир ооганчы ардагерге беш миң сомдон берилди.

Бул үчүн мамлекет тарабынан 28 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына отуз жыл толгонуна карата салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы жыл өткөн сайын катары суюлуп бара жаткан ооганчы ардагерлерге мамлекет колунан келишинче материалдык жардам көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

1979-89-жылдары Ооганстанда “интернационалдык кызмат өтөөгө” 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь