Айбек Дайырбеков Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун төрагасы болду

Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун төрагасы болуп режиссер Айбек Дайырбеков дайындалды. Төрагалык кызматка үч талапкер болгон. Мындай чечим уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынды. Союздун 305 мүчөсү бар. Съездге алардын 148и катышып, Дайырбековго 79у добуш берген. Кинорежиссер, сценарист жана продюсер Дайырбеков 39 жашта. Ал “Ак Илбирс” улуттук кинопремиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын “Дарак ыры” толук метраждуу фильми бир катар эл аралык сыйлыктарга татыды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь