Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар федерациясынын жыйыны өтүп тайказандан баш тартышты

364

14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр көпчүлүк добуш менен тайказандан баш тартышты.

Адистер бул чечим менен көкбөрүнүн азыркы эрежелери эл аралык деңгээлде таанылбай калганын айтышса, Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы алдыда сүйлөшүүлөр уланарын билдирди.

Астанадагы конгрессте бир нече маселелердин ичинен эң негизгиси көкбөрү оюнунун эрежелерин өзгөртүү пункту болду. Бул суроону ар бир өлкөдөн бирден өкүл кирген жумушчу топ карап чыгып, өз сунушун берди.

Анда жумушчу топ азыркы Эл аралык көкбөрү федерациясында белгиленген эрежелер оюнчулар менен аттар үчүн кооптуу экендигине, ал үчүн тайказанды алып таштоо керек болоруна токтолгон.

Казакстандын Улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан тайказанды алып таштоо маселеси эмнеликтен орчундуу болуп турганын төмөндөгүдөй негиз менен түшүндүрдү:

 

Астанадагы конгресске Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышты. Бул жыйынга Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынан өкүлдөр барган жок.

Натыйжада жыйынга катышкан тогуз өлкөнүн сегизи эл аралык көкбөрү турнирлери мындан ары тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен, айтор Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча ойноого макул болду. Ал эми Орусия бул маселе боюнча өз позициясын билдирген жок.

Эл аралык көкбөрү федерациясы буга чейин оюндун эрежелерин, анын ичинде тайказан маселесин Бишкекте жана Ташкентте өткөн конгрессте талкуулап, орток пикирге келе албай койгон.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн талкуусуна түшкөн көкбөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойнору жана улак тайказанга салынары белгиленген.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь