Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованын уулу анын апасына кысым болуп жатканын өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. Үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди.  26 жаштагы Ислам Каримов Instagram аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү.

«Кичинекей кезимден бери жакшы билген адам катары, өзүн чоң атамдын шакирти катары эсептеген президентке кайрылгым келет, карындашым экөөбүздү угуп, бул маселеге көңүл буруп коюңузчу! Ушул күндөрү карындашым апамдын жанында болууга аргасыз, анын жүрөгү ооруп жатыптыр, бирок дарыгерлер киргизилген эмес. Мен апам менен карындашымдын саламаттыгына тынчсызданып жатам», — деп жазды маркум президенттин улуу небереси.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул кайрылуудагы билдирүүлөр негизсиз экенин айтып, «Дарыгерлердин Гүлнара Каримовага киришине эч кандай тоскоолдуктар жок. Ага эч кандай басым көрсөтүлгөн жок, уулунун айткандары негизсиз», – деп билдиргенин өзбек басылмалары жазууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: