Укук коргоо кызматкерлери тарабынан автоунааларды уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган кылмыштуу топ кыска убакыттын ичинде 4 автоунаага, анын ичинен премиум класстагы 1 автоунаага мыйзамсыз ээ болушкан. Бирок кылмышкерлер уурдалган автоунааларды өрттөп жок кылып салышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 18,19 жана 23 жаштагы балдар кармалган. Алардын экөөсү мурда соттолгондор. Шектүүлөр Чүй облусунун тургундары болушат. Кармалган кылмышкерлердин жашаган жерин текшерүүдө уурдалган автоунаалардын дөңгөлөктөрүнүн 8 даана дисктерин табышкан. Алар негизинен Бишкек шаарынын аймагында, эл жок жайлардан унааларды уурдашып, алардын керектүү тетиктерин жергиликтүү базарларда сатуу үчүн чыгарып алып, автоунаалардын калган бөлүгүн из жашыруу максатында өрттөп жиберишкен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 350