МАЙ АЙЫНАН ТАРТА “КЕРБЕН” АЭРОПОРТУ ИШКЕ БЕРИЛЕТ

351

Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан “Кербен” аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Аэропортту кайра калыбына келтирүү жана кеӊейтүү иштери 31-мартта аякталышы күтүлүүдө. Бул аэропорттун ишке берилиши менен Кербен – Бишкек каттамы ишке аша баштайт. Ошол эле учурда Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкынын башка аймактар менен болгон байланышын жакшыртып, аба жол каттамынын өнүгүшүнө да өбөлгө болот.

Эске салсак, “Кербен” аэропорту дээрлик жыйырма жылга чукул убакыт кызмат көрсөткөн. 1999-жылдан баштап аба майданынын иши солгундап колдонулбай калгандыктан, имараттары менен учактар конуучу тилкелери жараксыз абалга келген. “Кербен” аба майданын кайра калыбына келтирүү иштери “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын эсебинен каржыланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь