Жөнөкөй жарандарга маңзат таштоо жолу менен опузалап акча талап кылган милиционер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлады. 31-жаштагы Бишкек шаардык милициясынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча кызматкери жана анын эки шериги 600 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Маалыматка ылайык, УКМКга жаран кайрылып, жардам сураган. Анын айтымында, белгисиз адамдар “ишиңди жаап берем” деп 1000 доллар талап кылып жатышканын айтып кайрылган. Кармалган милиционер кылмыш топ түзүп, жарандарга наркотикалык заттарды таштоо жолу менен опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу система түзүп алган. Кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
https://opusmining.app/