Стадион курууга инвесторлор изделүүдө

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көп функционалдуу футбол стадионунун курулушу үчүн инвесторлорду чакырат. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. “Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөдө мындан ары спортту өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болот жана калкка социалдык жакшы эффект берет. Мындан тышкары шаардын инфраструктурасы жакшырат”, – деп айтылат маалыматта. Курулушка кызыккан инвесторлордун билдирүүлөрү 25-февралга чейин кабыл алынат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь