Канат Аманкулов: “эгер быйыл Өзбекстанда көк бөрү боюнча Азия чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтө турган болсо, Кыргызстан ага катышпайт”

330

Кыргызстандын көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык болуп таанылган. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2001-жылы Эл аралык көкбөрү федерациясы түзүлгөн. Ага төрт мамлекет кирген. Бүгүнкү күндө анын курамында 16 мамлекет мүчө болуп эсептелет. “Ташкентте Эл аралык көкбөрү федерациясынын конгрессинде Россиянын 8 субъекти көкбөрү федерациясына мүчө болуп кирди”, – деп билдирди Саматов. “Ал эми Астанада болгон отурум, ал отурум тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бирок кандай болбосун, Кыргызстанда болуп жаткан оюндар көкбөрү эрежеси менен өтөт, ал эреже эл аралык болуп эсептелет жана тай казан менен ойнолот”, – деп кошумчалады.

Ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов: “эгер быйыл Өзбекстанда көк бөрү боюнча Азия чемпионаты көкпардын эрежеси менен өтө турган болсо, Кыргызстан ага катышпайт”- деп билдирди.  Ошондой эле ал Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жаткандыгын айтты.

 “Ал программа кабыл алынганда, эмдиги жылы көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөзүүнү сүйлөшүп, даярданып жатабыз. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтөт. Бардык шарттарыбыз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы бар. Келебиз деген командалар дагы бар”.

Белгилей кетсек, 14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу чечимин кабыл алышкан. Тогуз өлкөнүн сегизинин макулдугу менен эл аралык турнирлер мындан ары Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен ойноло турганы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь