Быйыл бардык сот залдарында видео система орнотулат

1 042

Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстандагы бардык сот залдарында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулат. Бул тууралуу Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти маалымдады

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө 72 жергиликтүү сот органы бар. Алардагы сот залдарынын жалпы саны 159.

Учурда 73 залда аудио жана видео жаздыруучу аппарат орнотулган, калгандарынын баары мындай система менен жылдын аягына чейин камсыз болот.

Видео жабдыктарды орнотуунун негизги максаты, соттук жыйындын катышуучуларынын тартип бузууларын алдын алуу жана протоколдун толуктугун камсыз кылуу.

Быйылтан тартып Кыргызстанда жаңы Жазык-процесстик кодекс ишке кирди. Мындан тышкары, учурда “Сот системасын өнүктүрүү” мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь