Данияр Тербишалиев: “Атамбаев Равшан Жээнбековду колдонушу мүмкүн”

439

Акыркы убакта оппозицияда жүргөн Равшан Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бир нече айың кептер айтылып келет. Коомчулук арасында экөө биригип жатат деген пикирлерди кармангандар дагы жок эмес. Мындан улам саясатчы Данияр Тербишалиев мурдагы президент азыркы бийликке каршы адамдарды бириктирип курал катары колдонууга аракет кылып жатканын белгилейт

“Оппозициянын жазгы гармондору ойноп, митингтерге акча аркылуу чыгышы мумкун, ал митингтерди ким уюштурганын, ким каржылаганын элдин баары билет, бирок бийликтин кетишине эч кандай себептер жок. Бул жерде экс-президенттин АША кызыкчылыгы жана таарынычы үстөмдүк кылып жатат. Элди ойлоп, мамлекетти ойлогон жери жок. Аркандай ыплас жолдорду колдонуп, өчүн алганга аракет кылат. Азыркы бийлике таарынган адамдардын баарын бириктирип, кээ бирөөлөрдү рупор катары колдонуп, өзүнө индульгенция алганга аракет кылат.”

Саясаттын жолунда эки башка позицияны карманып, карама-каршы пикирлерди айтып келген саясатчылар  дагы биригип калышы толук ыктымал экенин Данияр Тербишалиев кошумчалады

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь