Euro NCAP комитетинин адистери 2019-жылы эң коопсуз автоунаалардын тизмесин түздү. “Күйүүчү майга үнөмдүү” категориясында эң мыкты деп Mercedes-Benz A-Class унаасы табылды. Ал жол кырсыктарында чоң адамдар үчүн 96 пайыз коопсуз экени аныкталды. Ошондой эле тормоз тебүү жана башка тилкеге которулуу функцияларында дагы дал ушул унаа алдына эч кимди салган эмес.
Экинчи орунда Ford Focus, үчүнчүгө Nissan Leaf татыды.
Audi A6 “Үй-бүлөлүк автоунаа” категориясынын жеңүүчүсү болду. Бул темир тулпар чоңдор жана балдар үчүн эң коопсуз экен. Адистерге көбүнчө анын жаңы технологиялары, өзгөчө алдыдагы кооптуу жагдайлар тууралуу кабар берип турганы жакты. Audi A6дан кийинки орундарды Mazda 6 жана Volvo V60 ээледи.
Ал эми жолтандабастардын арасынан BMW X5 унаасын эч бири басып өтө алган жок. Ал чоңдор жана балдар үчүн 89 пайыз коопсуздукту камсыз кылат. Экинчи орунга Volkswagen Touareg, үчүнчүгө Jaguar I-Pace чыкты.
Euro NCAP — унаалардын коопсуздугун иликтеп, баа берген европалык көз карандысыз комитет
Every weekend i used to go to see this website, for the
reason that i wish for enjoyment, since this this web page
conations really nice funny stuff too.
my site – Jay
Wonderful data, Thank you.
Best Essay writing
college essay writing service https://buyessayscc.com