Азамат Болгонбаев: Илим Карыпбековго каршы добушумду берем… Эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн”

1 701

“Илим Карыпбеков кайрадан дагы КТРК башчылыгына талапкерлигин коюп жатат. Мен ага каршы добушумду берем”. Мындай пикирин КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев билдирди. Ал коомдук биринчи каналга жетекчини тандоодо ар кандай оюндар болуп кетүүсү толук мүмкүн экендигин айтып, буга кепилдик жок дейт. Далил катары чогулуштардын жыйынтыгы төраганын жана башкы директордун гана кызыкчылыгы менен өтүп келген учурлар болгондугун айтып өттү.

Ал эми Илим Карыпбековдун өлсөм дагы  экинчи жолу талапкерлигимди койбойм деп чыгып, кайра оюн өзгөрткөнү боюнча Азамат Болгонбаев “эркектин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген сөздү эске салды. “Бул сөзү боюнча моралдык деңгээлде байкоочу кеңештин кийинки жыйынында сөз кылам. Мен моралдык укугу жок деп эсептейм.”

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь