Майып балдарды баккандарга канча айлык маяна каралган?

441

Кыргызстанда майып балдардын багып отурган жакындарына айлык төлөө үчүн акча жетиштүү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.Министрдин айтымында, январь айында 2556 ата-эне менен келишимге кол коюлуп, аларга айлык төлөп берүү үчүн 14 миллион 483 миң сом бөлүндү:

Албетте, 6 миң деген санга жете элекпиз. Бирок жакынкы күндөрү калган ата-энелер менен да документтерди ырастап, акчаны которуп беребиз. Бул үчүн акчабыз да бар, мүмкүнчүлүгүбүз да түзүлдү десек болот.

Кыргызстанда 29 900 майып бала болсо, алардын 6 миңи “башка бирөөнүн кароосуна муктаж” деген корутунду менен каттоодо турат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.

Майып бала баккан адамга 4900 сомдук айлык маяна каралган.
Бул демилге алгач көтөрүлгөндө бюджеттен каражат бөлүү жагы кыйын болору айтылып, күмөн саноолор болгон.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь