Саясат талдоочу Табылды Акеров : Равшан Жээнбеков чоң саясатчылар менен бириге албай убара.

360

Саясат талдоочу Табылды Акеров саясий кырдаал туруктуу экенин белгилеп, чагымчылдык маалыматтарды Атамбаев жана эч жакка батпай калган мурдагы мамлеккетик мүлктүн башчысы , экс депутат Равшан Жээнбеков таратып жатканын айтат.

Табылы Акеров: “Өз кызыкчылыгына аракет көрүп жатышы мүнкүн. Себеби азыр ал бийликте да жок, депутат дагы эмес. Көпчүлүк саясатчылар ал кишиден кол үзүп койгон. 2005- жылы Бакиевдин арыгын чаап жүрүп, ал киши кеткен соң Атамбаевге жагынууга шарт болбой калып эми Атамбаев саясатчылардын катарынан чыгып калган соң ага биригүүгө аракет кылып жатат. Бул саясий аренада уттуруп жатат дегендик.”

Өткөн жумада жергиликтүү маалымат каражатттарында Бишкек жылуулук электр борборундагы авариялык маселе боюнча талкуу жүрүп анда Равшан Жээнбеков ачык эле Сапар Исаков күнөөлү эмес дегендей ишарат кылды. Ал эми кылым аферасы аталган бул добоор ачыкка чыкканда Равшан Жээнбеков дал ушул Атамбаевдин командасын күнөөлөп жүрчү. Бирок ТВЕА компаниясы менен эң алгач таанышкан депуттык комиссиянын мүчөсүндө болуп Кытайга барып келгени да маалым.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь