Ысык-Көлдө мал уурдаган 3 жаран кармалды (сүрөт)

391

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда майда жандыктарды уурдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, январь айынын башында Тоң районунун Дөң-Талаа айылына жакын жайгашкан сарайдан 10 баш кой белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Бир нече күндөн кийин башка айылдан дагы майда жандыктар уурдалган.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү милицияга Тоң районунун тургуну кайрылып, арызында Комсомол айылынын жанынан 30 баш кой уурдалганын билдирген. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө башталган. Комплекстүү ыкчам изилдөө иш-чаралардын жүрүшүндө уурдалган малды сатып алгандар такталып, мал ээлери өздөрүнүн уурдалган малын таанышкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн тактап, үч жарандан турган уурулар тобу кармалган. Алар мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1979-жылы туулган Ш.Ж., 1991-жылы туулган Ж.А. жана 1992-жылы туулган Ж.уулу.Т. аттуу жарандар болгон. Болжолдуу маалымат боюнча кылмышкерлер малды уурдап, жүк ташуучу унаа менен Токмок шаарына алып барып, сатып жүрүшкөн.


Кармалган жарандар азыркы учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБине жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө. Кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь