2018-жылы 543 миллион долларга жакын акча өлкөдөн чыгарылып кеткен

434

2018-жылы 542 миллион 290 миң доллар акча которуулар системи аркылуу өлкөдөн чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат. Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган сумманын басымдуу бөлүгү Орусияга которулган.

2018-жылы акча которуулар системи аркылуу жеке жактар тарабынан КМШ өлкөлөрүнө которулган акчалардын жалпы суммасы 539 миллион 470 миң долларды түзөт. Анын 538 миллион 80 миң доллары Орусияга которулса, 1 миллион 390 миң доллары Казакстанга которулган.

Алыскы өлкөлөргө которулган 2 миллион 820 миң доллардын 780 миң доллары Германияга, 280 миңи АКШга которулган болсо, калган 1 миллион 760 доллар башка өлкөлөргө которулган. Буга чейин 2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөбүзгө 3 миллиардга жакын акча которулганы белгилүү болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь