Кыргызстандагы суу тармагын көзөмөлдөөчү жаңы орган түзүлүшү керек. Мындай сунушту экономика боюнча серепчи Расул Умбеталиев билдирди. Айтымында, учурда суу мамлекетибиздеги негизги табигый ресурс. Андыктан баалу ресурсту акысыз пайдалануу туура эмес. Тагыраагы сууну жөнөкөй жарандардан тышкары алтын чыгаруучу жана башка ири компаниялар пайдаланганы үчүн тиешелүү сумманы төлөөсү зарыл. Алардын катарына коңшу мамлекеттерди дагы кошсок болот дейт серепчи
Кыргызстанда негизинен 20дан ашык суу сактагыч бар. Алардын баары коңшу мамлекеттерге жөнөтүлөт. Биз суу ресурсун аларга сатууну сунуштап келишим түзүү керек. Албетте мажбурлаганга акыбыз жок. Сууну дагы буюм катары сатыкка чыгарып, колдонгон мамлекеттерден акысын алып туруу керек деп ойлойм
Кыргызстанда жылына болжол менен 50 млрд куб суу топтолот. Анын 3пайызы гана жергиликтүү элге колдонууга берилет. Калганы Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан жана Кытай өңдүү коңшу мамлекеттерге жиберилет.
Good info. Lucky me I reach on your website by accident, I bookmarked it. Onwin , Onwin Giriş , Onwin Güncel Giriş , Onwin Yeni Adres , onwin