Москвада жолдун четиндеги адамдарды кокусунан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулунун эркиндикке чыккан видеосу интернетте жайылууда. Видеодо көрүнүп тургандай, Чыңгызды туугандары, жакындары көз жаш менен тосуп алышкан. Абактан бошоп чыккандыгына кубанган Чыңгыз жакындары менен бекем кучакташып өзү да жашып кеткен.
Видеону социалдык тармактагы баракчасына “Замандаш” коомдук фондусунун төрагасы Жеңишбек Молдокматов жүктөдү. Ал эми бул видеону көргөн интернет колдонуучулар Чыңгыз Анарбек уулуна мындан ары бөөдө кырсыктан алыс болсун деген тилектерин билдиришүүдө.
Эске салсак, 2018-жылдын 16-июнунда кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда жол четиндеги 8 адамды койдуруп кетип, алар жаракат алып, бирок каза болгон эмес. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу. Москва шаарынын Тверь райондук соту Анарбек уулун 1 жыл 6 айга кара жумушка тартууну чечсе, Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгарган.
Чыңгыз иним, башың аман болсун! Жаратканым жакшылыгынан берип, өмүрүң узун болсун! Биримдиктуу иштин жыйынтыгы…
Опубликовано Женишем Молдокматовым Вторник, 19 февраля 2019 г.