Бишкектин коомдук унааларында бир айдын ичинде 505 чөнтөк уурулук катталып, калктын чыгымы 7 миллион 320 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев шаардагы маршруттук таксилердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтуусунда, чөнтөкчүлөргө туш болгондордун ичинен 172си эркек кишилер, 310 аялдар жана 23 бойго жете электер болгон. Бул багытта атайын чөнтөк уурдоолор менен күрөшө турган бөлүм ачылгандыгы маалым болду.
Укук коргоочулар ошондой эле маршрутка айдоочуларына салонго видео каттагыч орнотууну сунуштап жатат.