Бишкекте болочок 1-класстын 520 окуучусу электрондук каттоодон өттү

212

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык ,азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында 520 арыз катталды.

Ар бир саатта 20дан 40ка чейин адам каттоодон өтүп жатышат. Белгилей кетсек, mektep.edu.gov.kg сайтына 8000ден ашык адам кирди.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь