Жапалактын тургундары айыл башчы Санжар Эшмановко нараазы

343

Ош шаарынын Жапалак айылынын башчысы Санжар Эшмановко дээрлик айылдын тургундарынын баары нааразычылыктарын билдирип келет. Айтымында, ал башчы болуп шайлангандан тартып жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин чече элек. Алсак, таза суу таңкыстыгы, жол, бала бакча маселеси карапайым калкка бир топ ыңгайсыздык жаратат.Мындан тышкары айрым айылдарды таштанды таштоочу жайы ээн эркин ташталып, аны көзөмөлгө алууга жергиликтүү элдин алы жетпей жатат. Таштандынын айынан 2 жаран көз жумуп, айрымдарынын ден соолугуна зыян келип жатканын жашоочулар белгилешет

Алымкан Батыркулова, Орке айылынын тургуну:

“Таштандынын кесепетинен 2 адам каза болду” Мээркан айылына жанаша жайгашкан Орке айылында деле ушул абал. Жапалак аймактык башкармалыгын башчысы Санжар Эшмановмына чечип берем деп убада бергени менен иш жүзүндө абал өзгөргөн жок. – Бизде таза суу жок. Балдарыбыз чыла сууну ичишет. Анын айынан ар кандай ооруларга чалдыгып жатат. Кичи автобус дагы көп каттабайт. Электр жарыгынын кубаты дагы начар. Жолдорубуз канча жылдан бери оңолбой келет. Таштандынын ичи айылга чейин каптап келгендиктен анын кесепетинен 2 аял каза тапты. Багыбыз дагы куурап жатат. Мунун баарын жергиликтүү бийлик көрүп, билип турса дагы бизди ойлоп дагы коюшпайт. Арга жок туулуп өскөн жериңди таштап кете албайт экенсиң. Жапалак аймактык башкармалыгынын имараты Кеңеш айылында жайгашкан. Айыл гана аты болбосо жолдор иретсиз жайгашып, баткака толгон. Электр тирөөчтөр(столба) жок. Аны айыл эли орто жолдон акча чыгарып тургузуп алышкан. Бала бакча жоктугунан жергиликтүү тургундар шаарга алып барууга аргасыз.”

Жапалак аймактык башкармалыгында 30 миңден ашуун эл жашайт. 13 айыл жайгашкан.  Мында 230 кожолук 1300дөн ашык калк отурукташкан. Айыл тургундары жогоруда айтылган тургундардын көйгөйүн эл өкүлдөрү жана ош шаарынын мэри көнүл бөлүп, маселе тез арада чечилет деген ойдо

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь