Эл жана турак жай фондун сынамык каттоо Чүй районунун жана Токмок шаарынын аймагында 2019-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт. Бул тууралуу биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынында билдирди. Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.
«2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлиндеги чоң иш-чара. Белгилей кетсек, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өтө жай иштеп жатышат. Эмдигиче өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат», – деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.
Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султанов белгилегендей, кезектеги каттоонун мурдагы каттоолордон негизги айырмасы, КМШ жана ЕАЭБ мамлекет-мүчөлөрүнүн улуттук каттоо программасына эмгек ишмердиги жана миграция боюнча маселелердин моделдик блогун каттоо барактарына киргизүү болуп саналат. Мындан тышкары, бүткүл дүйнөлүк каттоонун бул раунду КМШ мамлекеттеринде иш жүзүндө бир учурда өткөрүлөт, жана бул Шериктештиктин ар бир өлкөсүндө, жана
КМШ да жалпысынан калктын санын кыйла тагыраак эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тийиштүү тапшырмалар берилди.