Кыргызстандык балет бийчиси Фарух Садыркулов Москвада өткөн DANCEMOSCOW эл аралык сынагында биринчи орунду ээледи.
17-февралда жыйынтыкталган сынакка классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореографиялык багытта бийлеген жаш артисттер катышты.
Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын маалыматына караганда, бул маданий мекеменин алдыңкы солисти Фарух Садыркулов Кыргызстандын хореографиясынын тарыхында аталган эл аралык сынакта биринчи орунду ээлеген алгачкы бийчи болуп калды.
Белгилей кетсек, Садыркулов бир нече эл аралык конкурстун лауреаты.