Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо иштери

375

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктап, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталган. Мындан тышкары ал кошумчалагандай, жаңы көпүрөнүн курулушу 85% аяктаса, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн. реконструкциялоонун донору катары Ислам өнүктүрүү банкы эсептелет. Курулуш иштерине 12 даана жол куруу техникалары жана 62 жумушчу тартылган. Министр Жанат Бейшенов белгиленген мөөнөттө пландаштырылган курулуш иштерин жыйынтыктоо үчүн конкреттүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь