Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана “Алай” футболдук клубунун курамы менен жолугушту.
“Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Алдыда сиздерди Азия конфедерациясынын кубогу үчүн Түркмөнстандын “Ахал” командасы менен болгон мелдеш күтүп жатат. Бул мелдеште “Алай” командасы өзүнүн жеңиши менен жалпы күйөрмандарын кубантат деп терең ишенүү менен ийгилик каалайм”, – деди шаар жетекчиси.
Канатбек Маматов клубдун президенти катары Таалайбек Сарыбашовго жана команданын жалпы курамына вице-чемпиондук медалдарды жана 280 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.
Ал эми Ош шаарынын мэри “Алай” клубунун вице-президенти Сеитбек Аматовго, командага 100 миң сом акча каражатын тапшырды. Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ормонов “Алай” командасына Түркия мамлекетинин Анталия шаарына окуу-практикасына барып келүү үчүн жолдомо берди.
Мындан сырткары, “Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожого Топ-Лигада 26 гол киргизгендиги үчүн “Мыкты бомбордир” наамы ыйгарылды.
Айта кетсек, “Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016-2017-жылдары катарынан өлкөбүздүн чемпиону аталган.