“Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
Мамлекет башчы өз сөзүндө өткөн жылы элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн айтып өттү. Финансылык, кредиттик, бюджеттик саясат региондорго бурула баштады.
Аймактарда жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулду. Республика боюнча былтыр 500дөн ашык жаӊы ишкана ачылып, 6372 жумуш орду түзүлдү. Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди. Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду.
Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулууда, эскилери оңдоп-түзөлдү.
Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Тигүү тармагындагы ишканалардын камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү каралып жатат.
“Ишкерликти колдоого багытталган финансылык каражаттардын 80 пайызы Бишкек менен Чүйгө жумшалган, ал эми региондор каралбай калган. Азыр элетке көңүл буруп жатабыз. Чакан жана орто бизнес аймактарда өнүксө, экономика, жумушчу орундар жана салык туруктуу болот, миграция кыскарат”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
“Бул маселе областтын, райондун жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери менен тыгыз байланыштуу, – деди Президент. – Ошону аракет кылып, айыл жерине тартып алып келип, Кепилдик фонду аркылуу кайра иштетүү өнөр жайын колго алыш керек. Айрыкча экспортко, сыртка кетип аткан продукцияны жергиликтүү бийлик дагы колдоп, аларга жардам берүү зарыл”.
“Региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт. Ал тургай кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.