Коомдук сайттар өз алдынча жалган маалыматтардын агымын токтото албай жатканы сынга алынып келе жатат.
Дүйшөмбүдө британ парламентинин Маданият, медиа жана спорт боюнча комитети бир жыл боюу жүргүзгөн «Маалыматты бурмалоо жана жалган жаңылыктар» деген изилдөөсүн жарыялады.
Документте Марк Цукербергге өзүнчө көңүл бурулган. Парламентарийлер «Фейсбуктун» негиздөөчүсүн бурмаланган маалыматтардын тарашына чара көрө алган эмес деген тыянакка келишкен. Компания болсо жеке маалыматтарды сактоо боюнча мыйзамдарды билип туруп бузганы айтылат. Андан сырткары парламентарийлерди атайын адаштырган маалыматтарды берүүгө аракеттенишкени сынга алынган.
Британ парламентиндеги комитет жалган маалыматтарга жана зыяндуу контенттерге бөгөт коюу үчүн «Фейсбук» жана башка чоң социалдык түйүндөр милдеттүү түрдө этикалык кодекстер менен көзөмөлдөнүшү керек деп жатат. Муну техникалык компанияларга салынган салыктын эсебинен каржылоо сунушу айтылды.
фейк маалыматтар реалдуу жаңылыкты сүрүп чыгууда
Өткөн жылдын жай айында ушул эле комитет интернет аркылуу тараган жалган маалыматтар ушунчалык тездик менен өсүп, реалдуу маалыматтарды сүрүп чыга баштаганын айтып чыккан.
Бул боюнча британ парламентинин Коомдук палатасынын маданият, басма сөз жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Дэмиан Коллинз билдирүү жасаган. Фейк жаңылыктарды кишилер реалдуу кабарлардан айырмалоосу кыйын болуп калды деген Коллинз.
Мунун алдында британ өкмөтү ММКнын шайлоо алдындагы жарыяларына цифралык идентификация киргизүү ниетин билдирген. Бул интернетке жарыяланган саясий тексттердин баары бир авторго катталат дегендик. Автор жарыяланган материалдар үчүн жооптуу болот.
Саясий жарнамалар менен иш алып барган лондондук компанияны “Фейсбуктагы” миллиондогон колдонуучулардын жеке маалыматтарын пайдаланган деп айыпташкан. Жеке маалыматтарды АКШдагы 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо жана “брексит” боюнча референдумдун тыянактарына таасир этүү үчүн пайдаланган деген айыптоолор тагылган.
«Фейсбук» компаниясы болсо баарын жайгаруу аракеттерин көрүп жатканын билдирүүдө.