Ысык-Көл облусуна эс алууга келген Бельгиянын жараны кар көчкү алдында калып каза болду. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 13-февралда Каракол шаарына Бельгиянын 2 жараны — 1981-жылы туулган Дриз Эмил Кукенс жана анын 1985-жылы туулган карындашы Кларт Март Кукенс эс алуу үчүн келишкен.

Аларды жергиликтүү тургун тосуп алган. Ал 16-февралда Бельгиянын жарандарына Ак-Суу районунун Боз-Учук капчыгайындагы тоого боз үй тигип, эс алууга шарт түзүп берген. Алар өрөөндө эки күндөн бери лыжа тээп эс алып жүрүшкөн. 19-февраль күнү кечки саат 16:00 чамаларында алар тоонун башынан лыжа тебишет.

Гид жана Дрис Кукенс биринчилерден болуп лыжа тээп түшүп, алардын артынан Кларк Кукенс түшмөк. Бирок ал белгисиз себептерден атайын түзүлгөн маршруттан чыгып кетип, башка тарапка өтүп кеткен.

Ошол учурда кар көчкү түшүп, аны басып калган. Дриз Эмил электрондук «Бипер» каражаты менен карындашы калың кардын астында жаткан жерди таап, З.Достан экөөлөп казып, 3 сааттан кийин чыгарышкан. Бир сааттан кийин жардамчылар келип, анын денесин түнкү саат 01:30 чамасында облустук ооруканага алып келишкен. Бул факт Ак-Суу РИИБинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: