Элеттик жаштардын демилгеси(Видео)

401

Өзбекстан менен чек арада жайгашкан Бозадыр айылынын жаштары коомдук фонд түзүп, айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө белсенишүүдө. Эң биринчи кезекте калктын саламаттыгы үчүн тез жардам унаасын сатып алуу заарылчылыгын эске алып, учурда аны сатып алууга каражат топтоп жаткан кези.

Баткен облустук тез жардам борбору облус боюнча да мындай көйгөй бар экендигин айтышууда. Себеби, 39 тез жардам унаасынын көпчүлүгү эскилиги жетип, колдонууда түйшүк жаратып келет. Жаңы унаа сатып алууга каражат жагынан мүмкүнчүлүк чектелүү экени айтылган. Жаштар ай сайын “Бозадыр жаштары” фондуна 50 сом төгүп турууну пландашкан, каражат топтолгон убакта айылды жаңы тез жардам унаасы менен кубантууга даяр

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь