“НТС” каналында 2011-жылдан тарта эмгектенип келе жаткан Мээрим Ташыбекова, учурда аталган каналда жетекчилик кызматын аркалаган Жайнак Үсөновду КТРК башчылыгына татыктуу эмес деп эсептейт. Бул боюнча журналист “Eldik.media” порталына болгон түз маегинде айтты. Анткени өзүнүн эмгек жолунда ал Үсөнов менен чогу иштешип анын былык иштерине күбө болгонун белгиледи. Жалгыз Мээрим Ташыбекова эмес каналдын бүт жааматы жетекчисине нараазы экенин дагы кошумчалайт.

Жайнак Үсөнов КТРКга директорлукка өз талапкерлигин көрсөтүп жаткан кези. Социалдык тармакта аны жетекчиликке татыктуу деп санашса Ташыбекова ал пикирлерге кошулбайт

Буга чейин дагы өз ара араздашып келген журналист менен жетекчинин мамилеси ,Ташыбекованы кызматтан бошотууга чейин алып келген. “Кызматтан бошотулган соң гана жетекчиңиздин жоруктарын айтууга эмне түрту болду? Эмнеге мурда эле мындай көрүнүшту коомго ачык айткан эмессиз?” деген суроого журналист

Мүмкүн КТРКга жетекчи болоорун билбегенде, бул сөз ачык айтылбай кала бермек. Мен анын коомдук каналга директорлукка талапкерлигин койгонун уккандан соң, ага жолтоо болууга аракет кылып жатам. Себеби учурунда мыкты деңгээлге жеткен “НТС” каналын артка тартты. Жаңылыктагы позициябыз жоголду. Мындай жетекчи КТРКга барса кандай болот? Айрымдар буну жумуштан кеткенине ызааланып жазып жатат дешти, кээ бири кара пиар деп айтып атышат. Бирок бул нерсени мен кызматтан алынгандан кийин гана айтып аткан жокмун, буга чейин дагы айтып келгем” 

Мээрим Ташыбекова өзүнүн фейсбук баракчасына: “Маанилүү сьёмканы үзгүлтүккө учуратып, бизди жыл жыйынтыгын чыгарган сыйлык тапшыруу аземине жиберип салышты. Мен буга такыр түшүнө алган эмесмин. Көрсө, ал иш-чарада Жайнак Усеновичтин апасы сыйлык алмак экен!” деп билдирүү калтырган. Көпчүлүгү ал посттун алдына Ташыбекованы колдоп, ачык айтканы үчүн ыраазчылыгын билдиришкен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 20