Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт

348

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абадтагы сапарынын алкагында, Сузак районунун жашоочулары менен жолукту. Анда президент “Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт”, – деп билдирди

«Бишкек-Ош» жолунун – «Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 км кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселеси бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь