Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Байзакова Нурида Асановна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды.
13-февралда премьер-министр мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн. Анда тапшырмаларды так аткарган эмес деген жүйө менен аталган департаменттин мурдагы жетекчиси Улан Озумбековду кызматтан бошоткон