Президент: “Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берди”

384

“2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди”. Бул боюнча бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

“Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган Фонд болот”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент РСК Банк тарабынан айыл жергесине берилген кредиттердин өлчөмү 852 млн сомго, же 11 пайызга көбөйүп, азыр РСК Банк өзүнүн берген кредиттеринин 71 пайызын аймактарга бурганын белгиледи. Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырып, Айыл Банк тарабынан өткөн жылы 13,2 млрд сом, мурдагы жылга караганда 2,5 млрд сомго көп кредит берилгенин, кредиттердин саны 5 миңге жакын өскөнүн айтты.

Өз сөзүндө президент бийлик өкүлдөрүнө кайрылып бизнести өнүктүрүп, каражаттарды өлкөгө тартууга чакырды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь