Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарын Жалал-Абадта улантат

338

21-февралда, Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы иш-сапарын  Жалал-Абад облусунда улантат. Бул туралуу президенттик аппараттан маалымдашты

Сапардын алкагында, Сузак районунун жашоочулары менен жолугат. Инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчы кечээ, 20-февралда Баткенге барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы “Факел” чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь