АСКЕРДИК ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН ТАЙМАШЫ ӨТТҮ (Видео)

602

Бүгүн Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматында аскердик үй-бүлөлөрдүн арасында спорттук таймаш өттү.

“Атам, апам жана мен- мыкты аскердик үй-бүлө” аталышындагы бул оюн-зоок сынагы 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган. Таймаштын талаптарына ылайык үй-бүлөлүк курамдын бирөөсү аскер кызматында иштөөсү милдет.

Ал эми үй-бүлөнүн мүчөсү болгон балдар 7жаштан 12 жашка чейинкилери гана катыша алат. Салтка айланган бул спорттук иш-чарага быйыл 15 үй-бүлө катышты. Алдыңкы орундарды багындырган шамдагай үй-бүлөлөр турмуш-тиричиликке керектүү байгелер менен сыйланышты.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь