Кореялыктар үчүн эң кымбат жуп өзбек кыздары болуп табылды

365

Түштүк кореялыктар үчүн эң кымбат жубайлар болуп Өзбекстандык кыздар табылды. Бул боюнча маалымат булактары жазып чыгышууда.

Ага ылайык, кореялык жигитинин өзбекстандык кыз менен нике куруу үчүн орто эсеп менен 22 миң АКШ доллары (1 миллион 533 миң сом) сарпталат. Филиппиндик кыздар менен баш кошкон учурда 18 миң 200 доллар (1 миллион 268 миң сом) кетсе, 3-орунда Камбожанын кыздары турат. Алар менен үйлөнгүсү келген жигиттер орточо 17 миң 300 доллар (1 миллион 206 миң сом) сарпташат.

4-орунда орто эсеп менен 17 миң долларга (1миллион 185 миң сом) “бааланган” Вьетнамдын кыздары турса, 5-орунда 12 миң 800 долларга (892 миң сом) “бааланган” Кытайдын кыздары турат.

Жергиликтүү бийлик башка өлкөнүн жарандары менен баш кошкон эркектерге 3 миң доллардан (210 миң сом) 12 миң долларга (836 миң сом) чейин жөлөк пул төлөп берет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь