КСДП партиясынын өкүлү Нодирбек Каримов бүгүнкү партиянын маалымат жыйыны боюнча кабары жок экенин билдирди. Анын баамында, кандайдыр бир кыймылдарды уюштуруу үчүн партия өкүлдөрүнүн жалпы пикири талап кылынат. Бул маселеде андай жагдай орун алган эмес. Учурда болуп жаткан маалымат жыйындан дагы КСДП партиясынын айрым өкүлдөрүнүн маалыматы жок экенин депутат билдирди
Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин маалымат жыйыны өзүнүн катышуусунда өтүп жатат. Анда мурдагы президент 2020-жылдагы шайлоого катышаарын билдирди.