Бюджетке пайда алып келбеген пансионаттардын жетекчисин жоопко тартуу сунушталды

428

Өз активдеринде жүздөгөн миллиондору бар мамлекеттик баланста турган пансионаттар казынага жылына 1-2 миллион сом алып келе албай жатышат. Чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Бул туурасында вице-премьер Замирбек Аскаров пансионаттардын иши боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

“Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүү маселеси өтө курч турат. Эгерде 3-4 жылдын киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөн. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүчтөр менен чыккан“, — деген вице-премьер.

Аны менен катар:”Төмөндөөгө талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, киреше түшпөй калгандыгынын себебин изилдөө жана тергөө зарыл”, — деген Аскаров.

Кеңешмеге мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышты.

“Өз активдеринде жүздөгөн миллиондору бар ишканалар, тажрыйбага карабастан, казынага жылына 1-2 миллион сом алып келе албай жатышат. Айрым пансионаттардын кирешелүүлүгү өтө эле түшүп кеткен. Жетекчилер жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеп жаткандай туюлат”, — деди чиновник.

Вице-премьер пансионаттардын менеджментине жана инфраструктурасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү зарылдыгын кошумчалаган.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь